Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 22.12.2014 18:02

Фото - Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба департаменти бир катар ведомстволорго унааларды тапшырды

Turmush -  Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба департаменти бүгүн, 22-декабрда бир катар ведомстволорго унаалардын ачкычын тапшырды. Блу тууралуу аталган департаменттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбордук аппаратка «Митсубиси Аутлендер», Ысык-Көл биосфералык аймагына «Митсубиси Аутлендер», Жалал-Абад аймактык башкармалыгына «Митсубиси Аутлендер», Нарын аймактык башкармалыгына «Мазда трибут», «Кулун-Ата» коругуна «Мазда трибут», «Дашман» коругуна «Форд маверик», «Сурматаш» коругуна «Митсубиси Аутлендер», «Ысык-Көл» коругуна «Мазда трибут» унаалары берилди.

Ошондой эле, «Кыргыз-Ата» мамлекеттик жаратылыш багына «Форд маверик» жана «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш багына «Митсубиси Аутлендер» унаалары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×