Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.01.2015 09:43

Республиканын аймагында өткөн сутка ичинде 4 өрт кырсыктары катталып, 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган

Turmush -  Республиканын аймагында өткөн сутка ичинде 4 өрт кырсыктары катталды, деп билдирет ӨКМ басма сөз кызматы 6-январда.

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча 2015-жылдын 5-январы саат 08:30дан 6-январы саат 08:30га чейин республиканын аймагында 4 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 9 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Алсак, Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында Кудай-Менде көчөсү-102 дарегинде жайгашкан ээси Ж. Эсенкановго тийиштүү ачык аянтта 6 тонна чөп күйгөн.

Өрттүн келип чыгышына балдардын от менен шоктугу себеп болгон, ага 2010-жылы туулган баласы Кубаныч Эсенканов күнөөлүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×