Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 20.01.2015 13:11

Ысык-Көлдө издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Turmush -  КР ИИМдин Уюшкан кылмыштуу топ менен каршы күрөшүү башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн оперативдүү-издөө иш-чарасынын алкагында издөөдө жүргөн, бийликтин өкүлүнө карата зомбулук колдонгонгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 25 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын жашоочусу Ж. уулу Бактыбек кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран 2014-жылы 6-декабрдан 7-декабрга краган түнү Чолпон-Ата шаарында Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерине илээшип, андан кийин унаанын дөңгөлөктөрүнө бычак сайып, кызматкердин денесине жаракат келтиришкен.

Жабыр тартуучу кол салуулардан качып, милицияга чейин келип, жардам сураган. Милиция кызматкерлери тарабынан ошол эле саатта милициянын кызматкерине кол салууга шектүү катары 5 баланы кармашкан. Ал эми Ж.уулу Бактыбек качып кеткен.

Учурда Ж. уулу Бактыбек кармалып, Ысык-Көл районунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×