Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 20.01.2015 13:33

Ысык-Көл районунда 75 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Turmush -  Ысык-Көл районунда 75 орундуу жаңы балдар бакчасынын ачылышы болду, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Темир айыл округундагы Кашат айылында «Жеткинчек» бала бакчасы курулуп, анын ачылышы 19-январда өттү.

Бул максатка Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 10 млн 665 миң сом бөлүнгөн.

Эми Темир айыл округу жыл сайын жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом балдардын тамактануусуна, электр энергиясына бөлүнүп турат.

Бул Ысык-Көл району боюнча 15-бала бакча болуп эсептелинет. Жаңы бала бакчанын ачылышына өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Р.Борбукеева, Ысык-Көл районунун акими Р.Имангазиев катышышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×