Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 20.01.2015 13:59

Ысык-Көл районунда 2015-жылы 10 объект пайдаланууга берилет, анын 5и бала бакча

Turmush -  Ысык-Көл районунда 2015-жылы 10 объект пайдаланууга берилет, анын 5и бала бакча болуп эсептелинет. Бул тууралуу райондук мамлекеттик админситрациясынан билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын жай айына чейин 10 социалдык мамлекеттик объекттердин курулушу аяктайт.

«Биздин райондо 10 объекттин курулушу аяктоодо. Анын ичинен 5и бала бакча болуп эсептелинет, райондун жашоочулары абдан муктаж болушууда. Ошондой эле, Ысык-Көлдү өнүутүрүү фондунун, жергиликтүү бюджеттин каржылык колдоосу менен дагы 10 объектинин курулушу башталат», - деп билдиришти алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×