Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 21.01.2015 12:32

Ысык-Көл районунун Кашат айылында жаңы бала бакчанын ачылышы болду

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кашат айылында бала бакча ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун Кашат айыл аймагынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунун Кашат айылында 25 жылдан бери бала бакча болгон эмес. Мына быйыл курулушу 2011-жылы башталган бала бакча ишке берилүүдө. Балдар мекемесинин ачылыш аземине райондук администрация жетекчилиги, айыл өкмөт башчысы, айыл тургундары ата-энелер келип катышып, кызыл лента кесилди.

Кашат айылында ишке берилип жаткан «Жеткинчек» бала бакчасынын курулушуна Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 10 миллион 664 миң сом бөлүнгөн. Бала бакча 75 орунга ылайыкталган.

Ысык-Көл району боюнча 14 бала бакча бар. Ал эми учурда 5043 бала бакчага орношууга кезекте турат. Райондук жетекчиликтин айтымында, быйылкы жылда 5 бала бакча ачуу пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×