Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 23.01.2015 13:44

Ысык-Көл районундагы Ооган ардагерлер кеңеши кайрымдуулук акциясын өткөрүштү

Turmush -  Ысык-Көл районундагы Ооган ардагерлер кеңеши кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук Ооган ардагерлер кеңешинен маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук Ооган ардагерлер кеңеши жана райондук элди окутуу борбору менен бирдикте кайрымдуулук акциясын өткөрүшүп, Кожояр, Семеновка, Темир айылдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарына сый тамак уюштуруп беришти.

Кайрымдуулук акциясына келишкен жарандар Ооган ардагерлердин сый-урматына ыраазычылык билдиришип, алардын ишине ийгилик каалашты.

Райондук элди окутуу борборунун окутуучулары мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кыска мөөнөттүү кесиптик окутуу курсунан окутууну убада кылышты.

Ооган ардагерлеринин ушул кайрымдуулук ишин коомчулук жеке ишкерлер колдоого алып, аларга кошулуп, акчалай, азык-түлүк менен жардам көрсөткөндөр да болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×