Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 23.01.2015 16:44

Ысык-Көл районундагы айылдардын тушунда көл үстүндө браконьерликке каршы рейд өткөрүлдү

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын 15-16-январь күндөрү Ысык-Көл районуна караштуу Чоң-Өрүктү, Орто-Өрүктү айылдарынын тушунда көл үстүндө браконьерликке каршы рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Экотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл жана Тоң райондору боюнча региондук башкармалыгынан билдиришти.

Жыйынтыгында суудан браконьерлик 15 тор же болбосо узундугу болжолу 1000 метр болгон балык кармоочу торлор чечилди.

Аба-ырайы кескин бузулгандыгына байланыштуу, ӨКМдин скертмелеринин негизинде рейддик жумуштар ал күндөрү токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×