Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 27.01.2015 10:23

Видео - Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургуну карышкырды тирүү кармап алды

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жергиликтүү тургун Алтынбек Абдыкалыков карышкыр кармап алды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

А.Абдыкалыков кашарда мал багуу менен алектенет. Ал мурдараак үй жандыктарына кол салып жаткан жырткычтарды кармоо максатында капкан салган. Алтынбектин айтымында, акыркы учурларда айбан жырткычтар айылга чейин кирип келип, майда жандыктарга кол сала баштады.

Алтынбек билдиргендей, ал бир жума мурун капкан аркылуу карышкыр кармап алган. Андан соң аны жипке байлап, айылга алып келген.

Ал кошумчалагандай, карышкырды өлтүрүүгө туура келди. Ал эми терисин болсо сатып жиберишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×