Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 29.01.2015 12:56

Ысык-Көл районунда январь айында кызамык оорусу боюнча 380 бала эмдөөдөн өткөн

Turmush -  Ысык-Көл районунда кызамык оорусу боюнча 15 адам каттоодон өткөн анын ичинен 2 бала Бишкек шаарына ооруканага жиберилген. Бул тууралуу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, контакта бардыгы 60 адам болгон анын ичинен 18 бала -14 жашка чейин, бардыгы эмдөөдөн өтүшкөн. Мындан тышкары, январь айына карата бардыгы болуп 380 бала эмдөөдөн өтүшкөн.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 27-январында «Репортер» басылмасына окурман кызамык оорусу боюнча Чолпон-Ата шаарында эмдөө жок экендигин жазып, Бишкек шаарына барууга туура келип жаткандыгын жазган эле.

Тема боюнча: Ысык-Көл району жана Чолпон-Ата шаары боюнча кызамык оорусун алдын алуу боюнча штаб түзүлгөн

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×