Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.01.2015 09:29

Ысык-Көлдө отко этиясыз мамиле кылууда 1,5 тонна чөп күйүп кетти

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кароол-Дөбө айылынын Жунушбек көчөсүндө №25 даректе жайгашкан үйдүн сарайынан өрт чыгып, бастырманын чатыры, 1,5 тонна чөп күйүп кетти.

Өрттүн себеби үй ээсинин отко этиятсыз мамиле кылуусу менен байланыштуу, деп билдирди бүгүн, 30-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Караван айыл өкмөтүндө жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган 60 чарчы метр мал сарайдын чатыры, 2,5 тонна чөп күйүп кетти.

Учурда бул өрт кырсыгынын себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×