Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 30.01.2015 16:23

Бостери айыл округунун жардамы менен 2014-жылы узак жашаган 27 адам пансионатта бекер эс алышкан

Turmush -  Ысык-Көл облусундагы Бостери айыл округунун жардамы менен 2014-жылы узак жашаган 27 адам пансионаттарда бекер эс алышкандыгын, Бостери айыл округунун башчысы Тимур Айылчиевдин жергиликтүү элге берген отчетунда айтылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка таянсак, айыл округунан 2014-жылы социалдык өнүктүрүү жагына 735 миң сом бөлүнгөн. Бул акча каражатына ардагерлерге көңүл бурулуп, 9-май майрамы өткөрүлүп берилген жана балдар күнүндө социалдык коргоого алынган балдарга жардам көрсөтүлүп акча таратылган. Мындан сырткары, 200дөй пенсионер карылар күнүндө финансы тарабынан колдоого алынган.

«Келишим менен биздин айыл округунда жайгашкан 10 пансионатка, биздин 27 карыбызды эс алууга жибергенбиз. Буга кошумча, майыптарга, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, кароосуз жалгыз калган карыларга жана аз камсыз болгон үй бүлөлөргө 22 тонна көмүр таратылган. Мындан сырткары, жетим балдарга кийим алып берип, жаңы жыл майрамына карата балаты тигип, аларга майрам уюштуруп бердик»,-дейт Тимур Айылчиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×