Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 16.02.2015 16:09

Өткөн жылы Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык кармап саткадыгы үчүн 8 жаран кармалган

Turmush -  Ысык-Көл облусунда өткөн жылы мыйзамсыз балык кармап, саткандыгы үчүн 8 жаран кармалган. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары жана Ысык-Көл, Тоң райондору боюнча башкармалыгынын башчысы Таалайбек Карасартов билдирди.

Анын айтымында, Чырпыкты, Ананьево, Сары-Камыш жана Ак-Сай айылдарында мыйзамсыз балык уулган 4 жаран кармалган. Бул фактылар боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, материалдар Ысык-Көл райондук сотуна жиберилген.

14 балык торлору алынып, кармалган 10 ар кандай балыктын түрлөрү жана 3 кайык алынып, аларга жалпы 6 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×