Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
БаракелдеЫсык-Көл району, Бишкек 18.02.2015 17:07

Фото - Ысык-Көлдүн жашоочулары жеке пансионаттар аларга көл жээги менен колдонууга уруксаат бербей жаткандыгына нааразы болушууда

Turmush -  Ысык-Көл облусунун тургундары жеке пансионаттар аларга көл жээк аймагы менен колдонууга уруксаат бербей жаткандыгына нааразы болушууда.

Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту жана Булан-Соготу айылдарынын жашоочуларынын айтымдарында, бүгүнкү күндө Ысык-Көл көлүнүн жээгиндеги баардык пансионаттар, эс алуу үйлөрү ачык көл жээгин калтырышкан эмес.

«Көлдүн жээги бул муниципалдык жеке менчик, ал жакка пансионат жайгашкан айылдардын баардык жашоочулары бара алышат. Пансионаттар өзүнүн айланасын бекитип алышкан, алар көлдүн жээгине бийик дубалдарды орнотуп алышкан. Эгерде биз бир пансионаттын пляжына кирсек, андан кийин башка пансиоанттын жээгине бара турган болсок, биз башкы жолго чыгып, барууга аргасыз болобуз. Мыйзам боюнча аларда көл жээкке барууга жергиликтүү тургундар үчүн өзүнчө жол болушу керек болчу. Бүгүн биз пансионаттардын жетекчилерин көлдүн жээк аймагындагы дубалдарды сууга түшүү сезону башалганга чейин алып салууну өтүнүп жатабыз», - деп билдиришти Булан-Соготту айылынын жашоочулары.

Ошондой эле, алар көптөгөн жеке пансионаттар, эс алуу үйлөрү өздөрүнүн менчиктерин жээкке куруп алышкандыгын кошумчалашты. «Көлдөн 100 метр аралык бул жээк аймак болуп эсептелинет, бизде болсо көлдөн 40 метр өткөндө эле курулуш башталат. Бул жерде албетте каржылык тарабы көп роль ойнойт. Мындай мыйзам бузуучулар архитектура жана башка органдар мындай көрүнүштөргө көңүл бурбашы үчүн акча берип коюшса керек», - деп нааразычылыктарын билдиришет жергиликтүү тургундар.

Эгерде көлгө чейин курулган дубалдар алынбаса, анда жергиликтүү тургундар аларды өздөрү алууга ниеттенип жатышат.

48

49

50

51

53

54

55

56

58

60

61

62

63

66

67

69

70

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×