Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.03.2015 16:05

Фото - Ысык-Көл облусунда аялдардын 8-март майрамы белгиленди

Turmush -  Ысык-Көл облусунда бүгүн, 6-мартта аялдардын 8-март эл аралык майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын маалыматында 200дөн ашык аял катышкан майрамдык салтанатка өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Эмил Каптагаев катышып, аларды эл аралык майрамы менен куттуктады.

Иш-чарага бардык район, шаарлардын жигердүү айымдары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, баатыр энелер, мамлекеттик кызматта иштеген аялдар катышты.

«Бүгүн өзгөчө күн. Бардыгыңыздарды жаз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Облустун, жалпы эле өлкөнүн түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон салымыңыздар үчүн ыраазчылык билдирем», - деди Э.Каптагаев.

Жыйынтыгында 23 аял Ардак грамота жана калгандары белектер менен сыйланышты.

DSCN0379

DSCN0383

DSCN0384

DSCN0393

DSCN0400

DSCN0408

DSCN0416

DSCN0410

DSCN0431

DSCN0357

DSCN0350

DSCN0337

DSCN0336

DSCN0329

DSCN0321

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×