Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 16.03.2015 15:51

Ысык-Көл районунун Тору- Айгыр айыл өкмөтүндө 2 млн 50 миң сомго скважина казылат

Turmush -  Ысык-Көл районунун Тору- Айгыр айыл өкмөтүндө быйыл суу чыгарууга скважина казылат. Бул туралуу аталган райондун акими Раимбек Имангазиев билдирди, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Р. Имангазиевдин айтымында, ал скважина К. Эшенкулов атындагы орто мектептин 6 гектар алма багын жана 1 көчөгө суу бере алат.

«К. Эшенгулов атындагы орто мектептин 6 гектар жери бар. Ага суу чыкса 2,5 миң түп алма тигип берсек, мектеп өз ишин каржылап кетет. Ал эми скажина суу берчү көчөдө 35 ге жакын түтүн бар», - дейт аким.

Айта кетсек, скважина казууга Ысык- Көлдү өнүктүрүү фондунан 2 млн 50 миң сом каралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×