Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 17.03.2015 13:03

Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында эски бала бакча кайрадан ишке берилет

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында эски бала-бакча капиталдык ремонттон өттү. Учурда курулуш иштери толугу менен аяктап, ишке берилүүнүн алдында турат. Бул тууралуу аталган райондун администрациясынан билдиришти, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө штат маселеси каралууда.

«Оңдоп-түздөө иштери түрткү берүүчү грант, жергиликтүү бюджет жана Карвен эс алуу жайы тарабынан каржыланып, жалпы 8 млн 952 миң сом акча каражатына жүргүзүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×