Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 17.03.2015 13:35

14,5 млн сомго каржыланган Ысык-Көлдүн эки айылындагы ФАПтын имаратын ушул жылы пайдаланууга берүү пландалууда

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан ФАПтын имараты 4,5 млн сомго каржыланып, 2014-жылы имараты тургузулуп, чатыры жабылды. Быйыл дагы курулуш иштери улантылып, имаратты пайдаланууга берүү пландалууда.

Райондук администрация аймактык кабарчыга билдиргендей, аны менен катар Чоң-Сары-Ой айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын куруу үчүн 10 млн сом каралып, бүгүнкү күндө жылытуу системасын жана атайын эмеректерди орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат. Аны ушул жылы ишке берүү күтүлүүдө.

Бул каражаттар «Хьюмэн Эппл Интернешнл» ЖЧКсы тарабынан каржыланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×