Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 17.03.2015 15:15

Ысык-Көл районунун Бостери айылында 140 орундуу «Березка» бала бакчасы капиталдык ремонттон өтүүдө

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы 140 орундуу «Березка» бала бакчасынын капиталдык ремонту Ысык-Көл өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттен каржыланып, ремонттук иштери жүргүзүлүп жатат.

Аталган райондун акими Раимбек Имангазиевдин аймактык кабарчыга берген маалыматтына ылайык, оңдоп-түздөө ишинин жалпы сметалык баасы 9 млн 464 миң 500 сомду түздү.

«Жергиликтүү бюджеттин эсебинен эшик терезелери, чатыры алмаштырылып, тегереги курчалды. Өнүктүрүү фондусунан бөлүнгөн акча каражатына жылытуу жана канализациялык системасынын курулушу жүрүп жатат»,- дейт аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×