Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 17.03.2015 15:47

Атайын чакыруу алган кичинекей манасчы Үмөт ысык-көлдүк делегациянын курамында Түркиянын Ван аймагындагы этникалык кыргыздарга барат

Turmush -  Кыргызстандын делегациясы Түркиянын Ван шаарындагы этникалык кыргыздар менен чогуу Нооруз майрамын белгилешет. Белгилүү болгондой, Түркияга 20-мартта барууга даярданып жаткан кыргызстандык делегациянын курамында ысык-көлдүк өкүлдөр да бар.

Курамда Ысык-Көл райондук мамлекеттик музей-коругунун директору Т.Садыров, облустук теленин аймактык кабарчысы, кичинекей манасчы Үмөт жана башкалар бар.

Кыргызстандын делегациясы Стамбул шаарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда бир катар тарыхый жайларды кыдырып, Нооруз майрамына карата өтүүчү иш-чараларга катышат.

Ошондой эле, делегаттар Түркиянын этникалык кыргыздар жашаган Ван шаарына барышат. Вандагы кыргыздар кичинекей манасчы Үмөттүн «Манас» эпосун айтканын көрүүнү каалай тургандыктарын билдирип, аны чакырышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×