Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 23.03.2015 16:33

Ысык-Көл районунда жазгы айдоо иштериндеги үрөндүн 95%ы камдалды

Turmush -  Ысык-Көл районунда жазгы талаачылык жумуштары башталды. Райондук администрация аймактык кабарчыга билдиргендей, Ысык-Көл районундагы айдоо жерлердин 6177 гектар аянтына жаздык буудай жана 2981 гектар аянтына арпа айдоо милдети турат.

Учурда райондо 1444 тонна үрөндүк буудай, 626 тонна арпанын үрөнү бар. Бул аймак боюнча керектелүүчү үрөндүн 95% түзөт. Үрөн менен камсыздоочу үрөн чарбалары менен үрөн өстүрүүчү дыйкан чарбалары аныкталды. Алар үрөндү мамлекет тарабынан сунушталган бааларды эсепке алуу менен сатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×