Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 03.04.2015 17:57

Ысык-Көл районунда «7-Апрель баатырлары мекен үчүн жанын беришсе, биз кан беребиз» аттуу акциясы өттү

Turmush -  Ысык-Көл районунда «7-Апрель баатырлары мекен үчүн жанын беришсе, биз кан беребиз» урааны астында кан берүү акциясы өттү. Бул тууралуу Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын кан берүү бөлүмүнөн маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл районунда өткөн кан тапшыруу акциясы «Айкөл-Ала Тоо» коомдук бирикмесинин демилгеси менен өткөрүлдү.

7-апрель революциясына карата кан тапшырууга райондогу 13 айыл өкмөтүнөн 5 кишиден келип кан тапшырышууда.

Жергиликтүү бийлик кан тапшырган жарандардын чайын уюштуруп беришти.

Акцияга катышкан жарандар «биз тапшырган кан канга муктаж жарандардын өмүрүн сактап калууга пайдасы тийсин» деген пикирлерин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×