Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.04.2015 09:00

Ысык-Көлдөгү Чоң-Сары-Ой айылынын тургуну короосунда катып жүргөн баңи заты менен кармалды

Turmush -  Ысык-Көл РИИБдин баңги заттарды жүгүртүүгө каршы күрөш жүргүзүү бөлүмүнүн кызматкерлери алдын ала түшкөн маалымат боюнча текшкерүү жүргүзүп, жергиликтүү тургундун үйүнөн баңги затын тапты.

Бүгүн, 10-апрелде Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылында жайгашкан үйдү тинтүүдө сарайдан полиэтилен пакетине салынган өзгөчө жыты бар зат табылды.

Бул буюмдар айылдын 32 жаштагы жашоочусуна тиешелүү болгон. Атайын текшерүүдөн кийин табылган зат 1 килограмм салмактагы марихуана экендиги аныкталды.

Кармалган жаран камакка алынып, иликтөө уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×