Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 15.05.2015 14:57

Ысык-Көл районунда 2015-жылдын 1-кварталында жалпы салык чогултуу планы 103,9%га аткарылган

Turmush -  Ысык-Көл районунун жалпы салыгынын контингенти 103,9%га аткарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл райадминистрациясынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, 2015-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен Ысык-Көл районунун жалпы салык чогултуу планы 103,9%га аткарылып же план 68 млн 965 миң 600 сом болсо, 71 млн 644 миң 900 сом акча каражаты түштү. Өсүү темпи 114,5%ды түздү.

Өткөн 2014-жылдын ушул убактысында бул көрсөткүч 96,1%га аткарылып, план 65 млн 88 миң 400 сом болсо, факты боюнча 62 млн 544 миң 600 сом түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×