Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 15.05.2015 15:01

Ысык-Көл районунун айыл аймактарынын жергиликтүү бюджетинин планынын аткарылышы 105,9% түздү

Turmush -  Ысык-Көл районунун айыл аймактарынын жергиликтүү бюджетинин планынын аткарылышы 105,9% түздү. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук администрациясынан маалымдашты, деп билдирет аймактык кабарчы.

Алардын маалыматында, 2015-жылдын 1-кварталында айыл аймактарынын жергиликтүү бюджетинин планынын аткарылышы 105,9%ды түздү. План 42 млн 728 миң 800 сом болсо, 45 млн 233 миң 500 сом түшкөн.

Былтыркы жылы түшкөн акча каражат 42 млн 612 миң 100 сомду түзүп, өсүү темпи 106,1%га жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×