Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 05.06.2015 09:42

Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айыл аймагында 10 команданын катышуусунда футбол боюнча мелдеш өттү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагына 3 айыл кирет, бул айылдардын жаштарын ынтымыкка чакыруу максатында, аталган айыл аймак тарабынан футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү, деп маалымдайт Тurmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке 10 команда катышып, оюн кызуу жүргүзүлдү.

Мелдешти өткөрүүгө самбо федерациясынын президенти, айылдын тургуну Нурлан Токоноев демөөрчүлүк кылып, жеңишке ээ болгон командаларга өзүнүн сыйлыктарын тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×