Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 25.06.2015 13:21

Ысык-Көл районунда мугалимдер арасында республикалык спартакиада өтүүдө (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунда мугалимдер арасында республикалык спартакиада өтүүдө, деп билдирет Turmuhs басылмасынын аймактык кабарчысы.

Маалыматка ылайык, спартакиада КР Билим берүү министрлигинин массалык спорт жана ден-соолукту чыңдоо боюнча «Жаштык» борборунун демилгеси менен уюштурулган.

Аталган спартакиадага өлкө аймагындагы бардык облустарынан тандалып алынган, мыкты командалар, спорттун 5 түрү боюнча күч сынашууда.

Командалардын курамына ЖОЖдун жана мектептерде эмгектенип, райондук, облустук спорттук мелдештерде жеңишке ээ болгон гана мугалимдер кирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×