Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 01.07.2015 10:12

Ысык-Көлдө кыз-келиндер жасаган буюмдардын көргөзмөсү кыз узатуу салты менен коштолду (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылындагы аялдар кеңеши «Аял жаздын гүлүндөй, ааламдын нур күнүндөй» деген аталыштагы иш-чара өткөрүштү, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Аталган иш-чаранын алкагында айылдагы уз кыз-келиндердин колунан жаралган буюмдардын көргөзмөсү болуп, кыз узатуу салты жана атайын даярдалган концерт тартууланды.

Ысык-Көл райондук аялдар кеңешинин токтому менен мындай иш-чаралар аймактагы 13 айыл өкмөтүндө ай сайын, кезектешип өткөрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×