Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 22.07.2015 15:28

Жайкы эс алуу лагерлеринде Ысык-Көл РИИБдин башчысынын кубогу үчүн спорттук мелдештер өткөрүлүүдө (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдөгү балдардын жайкы эс алуу лагерлеринде Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын кубогу үчүн спорттук мелдештер өткөрүлүүдө, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында уюштурулган мелдеште футбол, пионербол боюнча таймаш жүрүп, жеңүүчүлөр атайын кубоктор жана дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле, жалпы эс алууга келген балдарга бекер балмуздак берилди.

«Ысык-Көл районда жайгашкан 10 лагерге Кыргызстандын бардык облустарынан балдар келип эс алышат. Аларды ынтымакка, сергек жашоого үндөө жана өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында мелдештерди өткөрүп жатабыз. Жай айынын акыркы күндөрүнө чейин бул саамалык уланат», - деп билдирди Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Нуралиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×