Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.07.2015 12:33

Д.Ниязалиева Ысык-Көл райондук салык кызматынын жетекчисинин отчетун «пионердик» деп атады

Turmush -  Д.Ниязалиева Ысык-Көл райондук салык кызматынын жетекчисинин отчетун «пионердик» деп атады. Ысык-Көл райондук салык кызматынын жетекчисинин отчету бүгүн, 30-июлда өткөн облустук коллегияда угулду, деп билдирди кабарчы.

«Иштин бары жакшы жүрүп жатат деп кенен отчет берип жатасыз. Сиз иш алып баруунун башка усулуна өтүшүңүз керек. Пансионаттардын жетекчилерин карап, аларды укпаңыз. Тескерисинче алар сиздин артыңыздан чуркап, тиешелүү жол менен салык төлөсүн. Жыйынтык боюнча өткөн былтыркы колллегияда да ушинтип айткансыз, бүгүн карап отурсам дагы эле ошол. Салыктар тиешелүү деңгээлде топтолгон эмес, эч кандай жылыш жок», - деди вице-премьер-министр.

Менчик пансионаттардын ээлери кирешесин жашырат, деген өкмөт мүчөсү: «Мындай шартты аларга райондогу салык кызматкерлери өздөрү түзүп берүүдө. Премьер-министр менен болгон жолугушууда райондогу салыктын 50%ын чогултууга сөз бергенсиңер, бирок бүгүн андай жыйынтык жок», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×