Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 01.09.2015 18:20

Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы мектеп-лицейинин ачык сабагына Өкмөттүн аппарат жетекчиси Н.Момуналиев катышты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы Х.Жээнбеков атындагы мектеп-лицейинде бүгүн, 1-сентябрда билим күнү өзгөчө белгиленди, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Аталган мектептин салтанатуу майрамына Өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев жана областтык, райондук жетекчилер катышты. Нурханбек Момуналиев 8-класстын окуучуларынын «Мекеним — Кыргызстан» аталышындагы ачык сабагына катышып, окуучуларды патриоттуулукка, мекенин сүйүүгө жана мыкты инсан болууга үндөп, мектептин жалпы ишмердүүлүгү менен жакындан таанышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×