Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 16.09.2015 11:20

Ысык-Көлдүн Сары-Камыш айылында 7 млн сомго спорт комплекси курулду (фоторепортаж)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү фондунан 7 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп, жаңы спорт зал ишке берилди, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Спорт комплексинин ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары жана  спорт сүйүүчүлөрү катышты. «Быйылкы  жылы облуста 4 спорт комплекси  курулууда. Жаңы ачылган спорт комплекси бардык  спорттук инвентарлар менен жабдылган», - деп билдирди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары  Рита Борбукеева.

Мектептин дене тарбия мугалими Адилет Айтбеков белгилегендей, жаңы ачылган  спорт залда спорттун бардык түрлөрү боюнча машыгуулар уюштуруп, жаштар ар кандай мелдештерге активдүү катышууну улантат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×