Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 28.09.2015 11:56

Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылындагы 30 жыл мурда курулуп, иштебей турган бала бакча реконстурукцияланды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылында жаңы реконструкцияланган бала бакчанын ачылыш аземи болду, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Чоң-Сары-Ойдогу бул бакча 1964-жылы курулуп, 1985-жылга чейин иштеген. Кайра куруу мезгилинде айылдыктар аны менчиктештирүүгө жол бербестен сактап калышкан. Айыл өкмөттүн жетекчилиги демилге көтөрүп, көп жылдан бери иштебей турган бала бакчаны аймактагы эс алуу жайлардын жардамы менен 7,5 млн сом акча каражатына толук реконструкциялап, ишке беришти.

Ал эми «Хьюмен Эппл Интернейшенл» эл аралык бирикмеси бала бакчанын ашканасын жабдуулар менен камсыздап берген. Бала бакча 120 орунга ылайыкталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×