Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 02.10.2015 12:26

Ысык-Көл районунда быйылкы жылы 15 бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунда быйылкы жылы 15 бала бакча ачылды. Бул  туурасында Turmush басылмасынын кабарчысына райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абирова маалымдаган.

Анын айтымында, жыл аягына чейин дагы 3 бала бакча ачылат. Быйылкы жылы ачылган бала бакчалардын айрымдары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаңыртылса, кээ бири толугу менен жаңыдан курулган. Бакчалар ачылганга чейин район боюнча 3000ге жакын бала кезек күтүп келишкен. Эми алардын көбү заманбап бала бакчаларга бара башташты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×