Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.10.2015 17:05

Ысык-Көлдө балдар арасында өткөн бий фестивалынын байгелүү 3 орунун кара-балталык бийчилер ээледи

Turmush -  Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн бий фестивалында Кара-Балта шаарынан барган «Виртуоз» балдар бий тобу 3 байгелүү орунга ээ болду, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 26-27-сентябрь күндөрү Булан-Соготту айылында «Аврора-күн балдары» аталышындагы сынак-фестиваль өткөрүлдү.
Катышуучулардын айтымында, фестивалдын 1-күнүндө хореография, улуттук жана башка бийлер боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Экинчи күнүндө бий сынагы башталып, ага ар кандай жаштагы 350гө жакын балдар катышты. Анын жүрүшүндө калыстар тобу катышуучулардын бий аткаруудагы техникасына жана аткаруучулук чеберчилигине карата баа берди.

Жыйынтыгында кара-балталык бийчилер «Формейшн-шоу» номинациясы боюнча 1-орунга татыктуу деп табылды. Ошондой эле «Улуттук бий» номинациясы боюнча 2-орунду, «Эстрадалык бий» номинациясы менен 3-орунду ээлеп, диплом жана кубок менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×