Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 15.10.2015 12:06

Ысык-Көлдө бруцеллез, сарык, кургак учук оорулары азайды

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери вирустук гепатит менен 160 адам катталды.  Бул былтыркы жылдын ушул айларына салыштырмалуу 263 учурга аз, деп билдирди облустук өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан Turmush басылмасынын кабарчысына.

Берилген маалыматка ылайык, кургак учук илдетине быйыл 209 адам кабылса, өткөн жылы аталган оору менен 222 бейтап катталган.

«Бул жылы бруцеллез оорусу менен 94 адам жабыркаса, өткөн жылдын 9 ай аралыгында бул илдетке 121 адам кабылган. Илдеттерге каршы жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында адамдар жана мал жандыктар арасында ооруга кабылгандардын саны азайды», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×