Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 15.10.2015 15:29

Ысык-көлдүк дзюдочу кыздар VII Республикалык спартакиаданын жеңүүчүлөрү болушту

Turmush -  Ысык-көлдүк дзюдочу кыздар VII Республикалык спартакиаданын жеңүүчүлөрү болушту. Бул тууралуу Каракол шаарынан грек-рим күрөшү боюнча КРнын спортуна эмгек сиңирген чебери Равиль Вахитов Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарында 7-октябрдан 14-октябрга чейин өткөн VII Республикалык спартакиадада Ысык-Көл облусунун дзюдо боюнча кыз-келиндер командасы 1-орунду камсыз кылды.

2-орунду Бишкек шаарынын дзюдо боюнча курама командасы, 3-орунду Жалал-Абад облусунун командасы ээледи.

«Ысык-Көл облустук дзюдочулар командасынан 7 спортчу кыздар мелдеште ат салышты. Мелдештин жүрүшүндө дзюдочулар Эльмира Акишова, Аймончок Рысбекова, Валерия Лыкова жана Кундузай Жайчибекова 1-орунду жеңип алышты. 2-орунду Күмүшай Соскеева, Рахат Айткулиева, Асель Мусабекова камсыз кылып, өз командасына упай топтошту. Натыйжада КРга эмгек сиңирген машыктыруучу Сабуржан Аматов жетектеген кыздардын дзюдо командасы 1-орунга ээ болду», - деди Р.Вахитов.

Ал белгилегендей дзюдочу кыздар жеңишти камсыз кылуу менен катар КРнын спортунун чебери наамын алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×