Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 14.11.2015 14:11

Жаңы салынган мектептердин бардыгында спорт залы, ашканасы жана бардык шарттары болот, - өкмөт башчы Т.Сариев

Turmush -  Быйыл өлкө боюнча 71 жаңы мектеп салынат. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 14-ноябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында билдирди.

Анын айтымында, мындан кийин салынган мектептердин бардыгында спорт залы, ашканасы жана дааратканасы болот. Ошондой эле, мектептин муздак жана ысык суусу да болот. «Бул биздин балдарга жасаган мамилебиз. Анткени кичинекей балдарыбыз ошол жерлерден билим алып, дени сак, сергек өсүп, маданиятка үйрөнүшү керек. Сапаттуу билим алган балдар кийин өз жолун таап кетишет», - дейт Т.Сариев.

Өкмөт башчы белгилегендей, кийинки, 2016-жылы Кыргызстан боюнча дагы 100 мектеп салынып, авариялык абалдагы мектептер капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×