Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 23.12.2015 09:57

Айыл турмушу: Ысык-Көлдүн Бостери айылында ыктыярчы Сон-У окуучуларга корей тилин үйрөтүүдө (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдө Сон-У аттуу 28 жаштагы кореялык жигит ыктыярчы иретинде окуучуларга корей тилин үйрөтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Сон-У Кыргызстанга быйыл гана келген. 2 ай Бишкек шаарынан кыргыз тилин үйрөнгөн. Андан соң өлкөнүн аймактарына чыгууну чечкен. Учурда Бостери айылынын А.Мамытов атындагы орто мектебинде окуучулар анын корей тили боюнча курсуна келүүдө.

«Мен кыргыз тилин 2 айда үйрөнө алдым. Демек, окуучулар да корей тилин ушундай тез убакыт аралыгында үйрөнө алышат. Азыр алар дүйнө жүзү тууралуу баарын билгиси келип турган чагы», - дейт ыктыярчы.

Окуучулар корей тилин үйрөнүүгө абдан кызыгышууда жана алар 2017-жылга чейин үйрөнө алышат. Сон-Унун курсу бекер жана ага аталган мектептин көптөгөн окуучулары барууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×