Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.01.2016 15:38

Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы орто мектепте окуучулар үчүн айылдан чыккан чыгаан инсандардын бурчу уюштурулуп жатат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылындагы орто мектепте айылдан чыккан чыгаан инсандардын бурчу уюштурулууда, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Тору-Айгыр айылынан СССРдин эл артисти Болот Миңжылкыев сыяктуу кыргыз маданиятына, илимине, коомдук иштерге өз салымын кошкон инсандар чыккан. Бул бурчту уюштуруучулардын айтымында, чыгаан инсандардын сүрөттөрүн көргөн окуучулар алардан таасир алаарына ишенишет. Айылдан чыккан мыктылардын сүрөттөрү ар тармакка бөлүнүп жасалды. Анда алардын аты-жөнү, кайсы кесипте эмгектенгендиги жана жетишкендиктери толук маалымдалган.

Атайын бурчта Тору-Айгыр айылынан чыккан илимпоздор, коомдук, мамлекеттик ишмерлер жана искусство жылдыздары орун алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×