Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.01.2016 16:13

Ысык-Көлдүн 5 айылында спорт комплекстер, экиден мектеп жана бала бакча курулду

Turmush -  Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду быйыл 11 долбоорду ишке ашырышы керек болсо алардын 10ун орундатты. Бул тууралуу Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду маалымдады, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна 2015-жылдын 1-ноябрына карата ири компаниялардын бири 375 миллион сом которгон. Каражат негизинен спорт залдар жана ошондой эле бала бакчалар, мектептер, клубдар боюнча жасалган иштерге жумшалды.

Сары-Камыш, Чок-Тал, Шаты, Чоң-Тогузбай, Дархан айылдарында спорт комплекстери курулду. Ошондой эле, Темир, Ананьево айылдарында бала бакчалар, Кызыл-Туу, Эшперов айылдарында мектептер, Дархан айылында бүтпөй калган клубдун курулушу аягына чыгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×