Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 01.02.2016 08:28

Айыл турмушу: Ысык-Көлдө «Кыргыз-калмак» бийи менен таанылган 83 жаштагы Асаке Темирканов (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылынын 83 жаштагы тургуну Асаке Темирканов «Кыргыз-калмак» бийи менен таанымал. «Бала кезимде айылдын тургундары ар дайым кечкисин чогулуп алып, ортого от жагып, анын тегерегинде бийлегенбиз», - деди Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде.

Карыя бул бийди ѳспүрүм курагында балдардын бийлегенин карап жүрүп үйрөнгөн.

«Ошондо үйрөнгөн бойдон бийди сактап келе жатам. Бул бийдин өзгөчөлүгү – бийге бардык дене мүчөлөрүң, булчуң эттериң катышат.

Ошондуктан узак убакыт бийлегенде чарчап каласың. Бийди үйрөнүү оңой эмес, денеси салмактуу адамдарга кыйын болот. Мен атайын адистен билим алган жокмун, бирок негизги булактан үйрөндүм жана эч бир кыймыл кошпой, албай, сактап келе жатам», - деди А.Темирканов.

83 жашында кыйынчылыксыз бийлеген А.Темирканов кабарчынын суроолоруна жооп берди.

- «Кыргыз-калмак» бийи менен «Кара жорго» бийинде кандай айырмачылыктар бар жана бул бийди кайсы жерлерде бийлейсиз?

- «Кара жорго» бийиндеги кыймылдар башкача, окшоштук жактары жок. «Кара жорго» бийин сыналгыдан көргөндө бир-эки кыймылды кайра-кайра кайталагандай көрүндү. Ал эми «Кыргыз-калмак» бийи кайталанбаган кыймылдардын топтому. Адатта «Кыргыз-калмак» бийин тойлордо бийлейм. Бүгүнкү күнгө чейин бийлеп келем. Атайын сынактарга деле катышкан жокмун. Жөн гана элге тартуулап келем жана өзүм үчүн бийлейм.

- Сиздин талантыңызды улантууга балдарыңызга шарт түздүңүзбү, каалаган адамдарга үйрөтөсүзбү?

- Чынын айтсам балдарымдан эч кимиси деле кызыгып үйрөнгөн жок. Кээде кичүү кызым бийлеп калат. Азыр колумдагы неберем бир аз кызыгып жүрөт. Ал үйрөнсө деген оюм бар. Ал эми үйрөнөм деген киши бийлегенимди карап үйрөнө берсин, каршы эмесмин.

- Учурда эмне менен алектенесиз жана сизге бийлеген кыйын эмеспи?

- Башынан эле мал чарбачылык менен алектенип келем. Азыр деле ошол ишимди улантуудамын. Кудайга шүгүр, жылдан-жылга малыбыз көбөйүп жатат, бош отурбайбыз. Жаш кездегидей аябай кыймылдап бийлебесем дагы ошого аракет кылам. Анчейин деле кыйын эмес. Кыймылда болуп турганың ден соолугуңа абдан пайдалуу.

- Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз.

- Кудайга шүгүр, кемпирим кашымда, төрт уул, эки кызым бар. Бары үйлүү-жайлуу, мамлекеттик кызматта иштегени бар, жеке ишкерлик менен алектенгени бар. Кыскасы ар ким өз тиричилиги менен алектенет. Небере-чөбөрөлөрүмдүн кашында кубанып жүрөм.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×