Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 22.02.2016 10:34

Ысык-Көл районундагы мыкты футболчулар облустук мелдешке тандалды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылында Ата Мекенди коргоочулар күнүнүн урматына карата футбол боюнча мелдеш өттү, деп билдирет Turmush басылмасы. Мелдешке райондун аймагындагы айылдардан жана Балыкчы шаарынан келген 8 команда катышып, күч сынашты.

Жыйынтыгында 1-орунду Кара-Ой айылынын, 2-орунду Бостери айылынын, 3-орунду Балыкчы шаарынын командасы ээледи.

Жеңүүчүлөр уюштуруучулардын баалуу белектерине жана атайын мелдештин кубогуна ээ болуп, облустук деңгээлде өтүүчү мелдешке жолдомо алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×