Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 23.03.2016 13:19

Тамчыда милиционерлер балдар-кыздар арасында спорттук таймаштарды уюштурду (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районун Тамчы айылындагы орто мектептин жана Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик техникалык лицейдин командалары арасында футбол жана волейбол боюнча мелдеш өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Мелдешти Тамчы айылындагы милиция бөлүмүнүн жамааты уюштуруп, алардын бул аракетин, айыл аймактын жетекчилиги, айылдык жаштар уюму колдоого алган. Балдар футбол, ал эми кыздар волейбол боюнча күч сынашты.

Тамчы айылындагы милиция бөлүмүнүн башчысы Айбек Жусуевдин айтымында, бул мелдеш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, сергек жашоого үндөө жана ынтымакка чакыруу максатында уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×