Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 23.03.2016 13:30

Ысык-Көлдө грэпплинг боюнча облустук ачык чемпионат өттү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөтү айылында грэпплинг боюнча облустук ачык чемпионат өттү, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы.

Чемпионатты КРнын грэпплинг федерациясы уюштуруп, ага облус аймагында спорттун бул түрү менен машыккан жаш спортчулар катышты.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, өткөрүлгөн чемпионаттын максаты - жаштарды спортко тартуу менен сергек жашоого үндөө, грэпплингди жайылтуу болду.

Чемпионатта күч сынашкандардын мыктылары аныкталып, атайын Кубоктор менен сыйланышты жана облусттук деңгээлде «Грэпплинг спортунун мыктысы» деген төш белгилерге ээ болушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×