Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 31.03.2016 11:26

Ысык-Көлдө окуучуларга чыгарманын маани-маңызын түшүндүрүү үчүн калыптан тыш усулдар колдонулууда (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө орто мектебинде «Бирге окуйбуз» долбоорунун алкагында тажрыйба алмашуу боюнча семинар өттү, деп маалымдады Turmush басылмасынын кабарчысы.

Маалыматта айтылгандай, долбоордун негизинде башталгыч класстардын мугалимдери, өздөрү даярданган түрдүү усулда балдарга эркин сабак өтүүдө.

Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абированын маалыматында айтылгандай, семинар эркин сабак өтүү, сабак учурунда балдарга түрдүү оюндарды ойнотуу — окуучуларга чыгарманын маани-маңызын жеткиликтүү түшүндүрүүгө өбөлгө түзөт.

Бул семинар калыпка түшкөн сабак өтүүдөн тышкаркы усулдагы окутуулар боюнча мугалимдердин бири-биринен тажрыйба алмашуусу үчүн өттү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×