Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.04.2016 11:33

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк уста жыгачтан улуттук идиш-аяктарды жасап, Европага чейин сатат (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө айылынын тургуну Талантбек 10 жылдан бери жыгачтан улуттук идиш-аяктарды жасайт. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы устанын иши менен таанышты.

Устанын айтымында, 10 жыл мурда жыгачтан идиш-аяк жасоо менен алектене тургандыгын ойлогон да эмес.

«Мен айылдашымдын үйүнө конокко барып калдым. Ал жакта колго жыгачтан жасалган идиш бар экен. Бирок абдан эски болчу. Аксакалдар аны көрүп, азыр мындай идиштер жок экендигин айтып калышты. Мен үйгө келип, аталарыбыздын бул өнөрүн улантууну ойлондум», - деди ал.

Уста ар кандай жыгачтардын бышыктыгын иликтөөгө узак убакыт жумшаган. Кээде жыгачтан жарака кетип, тез эле жарактан чыгып калган учурлар болгон.

«Мен көп жыгачтарды колдонуп, өзүм пайдаланып, акыры анын сырын таптым. Эми башка облустардан жана чет өлкөлөрдөн келген буюртмаларды кабыл алам», - деди ал.

Германиядан, Россиядан, Казакстандан буюртма бергендер көп. Талантбектин айтымында, жыгачтар менен күздүн башталышынан тартып, жазга чейин гана иштешүү керек. Андан кийин дарактар кургап, андан буюм жасоо мүмкүн болбой калат.

Уста өз өнөрүн 4 баласына да үйрөтүүнү пландап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×