Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 02.05.2016 14:02

Айыл турмушу: Ысык-Көлдүн Чон-Өрүктү айылындагы аялдар карагаттын сезонуна даярданышууда (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чон-Өрүктү айылындагы аялдар карагаттын сезону башталганда аны чакаларга салып, жолдон өткөн жүргүнчүлөргө сатып, киреше табышат.

Айылдын 55 жаштагы тургуну Минавар Масалиева Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, алар быйыл кирешени көбөйтүү үчүн алтайлык карагаттардын жаңы сортун өстүрүшүүдө.

«Бир жылдык кирешени, балдарды окутууга кеткен акчаны карагат сатып табабыз. Карагатты чакага салып жолдун жээгине тизип коебуз. Көп алгандарга дүң баада сатабыз. Эми айылдагы 30 аял биригип, долбоор аркылуу алтайлык карагаттардын сортторун алдык. Булардын түшүмү мол болуп, эзилбей көпкө сакталат. Мындан улам алуучулардын саны көбөйөт деген ишеничтебиз», - дейт М.Масалиева.

Учурда алар 30 түп жаңы карагаттын сортун өстүрүп башташты. Күз айында ар бир үйгө көчүрүүнү пландашууда. Белгилей кетсек, алар карагаттын бир килограммын 100 сомдон кем эмес сатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×