Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.05.2016 17:21

Айыл турмушу: Баткендик Абдраим Ысык-Көлдүн сулуусуна үйлөнүп, жубайлар көлдүн жээгинде бизнес кылууда (фото)

Turmush -  Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы жубайлар күнүнө 17ден 20га чейин эс алуучуларды кабыл алышат.

Абдраим Кулиев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, анын үй-бүлөсү 1995-жылдан баштап Ысык-Көлдүн жээгинде конокторду кабыл алып баштаган. Абдраим Кулиев жаш кезинде Баткен облусунан борборго окуу жайга тапшыруу үчүн келген.

Бишкектеги көркөм институтун бүтүргөндөн кийин Ысык-Көлгө практика өтөө үчүн келип, мектепте сүрөт тартуу боюнча мугалим болуп иштеген.

«Жубайым Жүрсүн экөөбүз чогуу окуганбыз, биздин кесибибиз бир. Окуп жүргөндө ал мага абдан жагып калып, артынан жүгүрүп баштадым. Аны үйүнө чейин жеткирип, окууда жардам берип жүрдүм. Ошентип экөөбүздүн ортобузда сүйүү пайда болду», - дейт А.Кулиев.

Окууну аяктагандан кийин алар Ысык-Көлгө жергиликтүү мектептен тажырыйбадан өтүү үчүн келип, үйлөнүшкөн. Ошол бойдон Тамчы айылында жашап калышкан.
«1991-жылы Жүрсүнгө мага турмушка чыгууну сунуштадым. Аны бактылуу кылууга сөз бергем. Чоң эмес үй сатып алдык, мектепте иштедик. Быйыл Жүрсүндүн мектепте иштегенине 21 жыл болот. Учурда биздин 3 балабыз бар», - деди ал.

1995-жылы алар эс алуучулар көп келип баштагандыктан, үйдүн эки бөлмөсүн жасалгалап, эс алуучуларды кабыл алып башташкан. Абдраим үй эмеректерин өзү жасайт. Жайкысын эс алуучуларга шарт түзүү менен алектенет. Учурда чоң эмес ашкана куруу менен алектенүүдө. Жайкы туристтик сезондо анын үй-бүлөсү бир жылдык кирешесин табышат.

«Жубайым Жети-Өгүз районунан, мен Баткенден болом. Бирок, Тамчы айылы биздин мекенибиз болуп калды. Бул жерде жашоо жакшы, айылдаштарыбыз дагы абдан жакшы адамдар», - деди Абдраим.

Эми жай айынан баштап Жүрсүн менен Абдраим Кулиевдер эс алуучуларды кабыл алып башташат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×