Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.05.2016 09:20

Айыл турмушу: 77 жаштагы ысык-көлдүк К.Мусаканов таштак жерди киреше алып келүүчү булакка айлантты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылынын 77 жаштагы тургуну Курманаалы Мусаканов таштак жерди киреше алып келүүчү булакка айланткан.

К.Мусаканов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, ал 1996-жылы таштак жерди сатып алып, ал жерге алма бак өстүргөн.

Учурда 3 гектар жер аянтынын жарымын иштетип, 400 түп өрүк, 200 түп алма, алмурут өстүрүүдө. Кесиби боюнча зоотехник, 1996-жылдан бери багбанчылык менен алектенип келет.

Ал жубайы Гүлсайра Мусаканова менен 5 баланы тарбиялашкан. К.Мусакановдор жылына 20 тоннадай түшүм алып, жеринде сатып өткөрүшөт. Чарчаганда өздөрү өстүргөн алма бакка келип эс алып, ырдап чер жазышат.

Алар айыл тургундарына үлгү болгондуктан жаштар келип кеңеш сурап кетишет. Багбан алма-бакка жакшы кам көрсө, мол түшүм алууга болоорун айтат.

К.Мусакановдун жубайы чарба иштерине жардам бергенден тышкары, үйдө гүлдүн 10дон ашык түрүн өстүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×